УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Эгемен өлкөбүздө тынчтык, ынтымак жана туруктуулук бекем болсун. Ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык, ден соолук жана береке каалайбыз. Кыргызстаныбыздын келечеги кең, элибиздин жашоосу жарык жана өлкөбүздүн өнүгүүсү ар дайым бийик болсун!
Ата Мекенибиз — Кыргызстаныбыз түбөлүк гүлдөп-өсө берсин!