Комиссия Талас электр тармагынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди
3 Октябрь 2025 ж.
2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында, 2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин «КУЭТ» ААКы тарабынан Талас электр тармактар ишканасына выезддик текшерүү жүргүзүлдү.
Бекитилген программага ылайык, комиссия тарабынан күз-кыш мезгилине карата аткарылган даярдык иш-чараларынын сапаты, көлөмү жана өз убагында аткарылышы текшерилди. Капиталдык курулуш объекттери, энергетикалык жабдууларга, имараттарга, курулмаларга жана автотранспорт каражаттарына жасалган оңдоо иштери каралды.
Комиссиянын курамына Энергетикалык көзөмөл кызматынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле «КУЭТ» ААКнын борбордук аппаратынын техникалык кызматтарынын адистери кирди.