Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын административдик имаратында капиталдык оңдоо иштери бүтүү стадиясында.
Калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу менен катар энергетика тармагындагы инфраструктураны жаңылоо жана кызматкерлер үчүн заманбап эмгек шарттарын түзүү багытында да тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган административдик имарат 1978-жылы курулган. 2017-жылы имараттын айрым бөлүктөрү гана жаңыланган. Узак жылдардан бери толук капиталдык оңдоодон өтпөгөн имаратты заманбап талаптарга ылайык жаңылоо зарылдыгы келип чыккан.
Учурда имараттын ички жана тышкы бөлүктөрүн жаңылоо иштери жүргүзүлүп, чатыр, эшик-терезелер алмаштырылып, инженердик коммуникациялар оңдолду.
Ошондой эле жылытуу жана электр системалары жакшыртылып, имараттын сырткы көрүнүшү заманбап талаптарга ылайык жасалгаланууда.
Бүгүнкү күндө Айтматов райондук электр тармагында 59 кызматкер эмгектенет.
Капиталдык оңдоо иштеринин аякташы менен кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу эмгек шарттары түзүлүп, жарандарды кабыл алуу жана аларга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга шарт түзүлөт.
Аталган долбоор «КУЭТ» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты — энергетикалык инфраструктураны жаңылоо, райондук электр тармагынын иш шарттарын жакшыртуу жана кызматкерлер үчүн заманбап эмгек шарттарын түзүү.
Учурда капиталдык оңдоо иштеринин акыркы этаптары аткарылып, административдик имаратты толук пайдаланууга берүү боюнча иштер улантылууда.