«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков жумушчу сапары менен Талас облусуна барып, региондогу энергетикалык инфраструктуранын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын жүрүшүн текшерди. Ал ошондой эле ишкананын техникалык абалы жана материалдык-техникалык камсыздоо деңгээли менен таанышып чыкты. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык деңгээлин жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Сапардын алкагында Талас электр тармактар ишканасынын жамааты менен жолугушуу өтүп, анда негизги маселелер талкууланды: жабдуулардын күз-кыш мезгилине даярдыгы, өндүрүштүк процесстерди уюштуруу, эмгек шарттары жана коопсуздук техникасын сактоо.
Алтынбек Рысбеков компания Талас электр тармактар ишканасын ар тараптуу колдоону уланта турганын, анын ичинде материалдык-техникалык жактан камсыздоого да көмөк көрсөтөрүн белгиледи. Бул — күз-кыш мезгилинде энергосистеманын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатын көздөйт.