2024-жылы Талас электр тармактар ишканасынын аба чубалгы кызматы 35 кВ жана андан жогорку -934,4 км аба чубалгыларында оңдоо иштерин жүргүзөт.
2024-жылы 2000 даана көлөмүндөгү фарфор изолятор кулондорун айнектерге алмаштыруу иштери жүрүп жатат.
35 кВ жана андан жогору аба чубалгыларынын коопсуздук зоналарындагы бак-дарактардан трассаны тазалоо, ошондой эле бузулган жана иштен чыккан изоляторлорду алмаштыруу иштери жүрүп жатат.
Оңдоо иштери 500 кВ Л-509 «ТГЭС-Түлөбердиева» аба линиясына кирүүчү жолдордо пландаштырылган.
35 кВ жана андан жогорку аба чубалгыларынын тепловизордук текшерүүдөн (ТВК) кийин аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.