Колл - борбор: 105; 1209;

Таласта энергетиктер жалпы республикалык ишембиликке чыкты

20 Сентябрь 2025 ж.

Бүгүн, 2025-жылдын 20-сентябрында, «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын эмгек жамааты кезектеги ишембиликке активдүү катышышты.
Ишембилик жалпы республика боюнча уюштурулуп, Талас шаарында жана райондордо бөлүнгөн тилкелерде таштандыларды жыйноо, айлана-чөйрөнү тазалоо, жашылдандыруу жана санитардык абалды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Энергетиктер коомдук демилгеге кайдыгер карабай, ишембиликке жигердүү катышып, экологиялык тартипти сактоого өз салымдарын кошушту.