Бүгүн, 5-июнь күнү Курман айт майрамына карата Талас шаарында өткөрүлгөн гарнизондук саптык кароого Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери да активдүү катышты.
Иш-чара Талас ОИИБдин имаратынын алдында өтүп, анда укук коргоо органдары, өзгөчө кырдаалдар кызматтары, медицина жана байланыш тармагындагы өкүлдөр менен катар энергетика тармагынын кызматкерлери жана элдик кошуундун мүчөлөрү да сапка тизилишти. Кызматтык автоунаалар да тартылды.
Саптык кароонун жүрүшүндө кызматкерлердин даярдыгы, техника абалы жана өз ара аракеттенүү маселелери текшерилди. Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине майрам күндөрү электр тармагында өздөрүнө жүктөлгөн жоопкерчиликтерди так аткаруу боюнча эскертүүлөр берилди.