Жайкы каникулдардын алдында Талас электр тармактар ишканасы балдар арасында электр травматизмин алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүүдө. Манас, Талас, Бакай-Ата, Айтматов райондорунун жана Талас шаарынын электр тармактарынын кызматкерлери мектептерде жана бала бакчаларда түшүндүрүү сабактарын өткөрүп жатышат.
Сабактарда энергетиктер балдарга электр энергиясы менен коопсуз мамиле кылуу эрежелерин түшүндүрүшүүдө:
* Энергетикалык объекттерге жакындабоо керектиги
* Сынган же жерге түшкөн зымдарга тийбөө зарылдыгы
* Трансформатордук подстанцияларга кирүү абдан кооптуу экени
* Электр приборлорун суу менен колдонбоо жана нымдуу кол менен тийбөө керектиги
Бул иш-чаралар балдардын электр коопсуздугу боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана мүмкүн болгон кырсыктардын алдын алууга багытталган.
Балдардын коопсуздугу — биздин башкы максатыбыз!