Талас облусунда жарандык коргонуунун даярдык деңгээлин баалоо иш-чараларына энергетиктер да катышты
23 Октябрь 2026 ж.
2026-жылдын 21–23-октябрь күндөрү Талас облусунда жарандык коргонуунун абалын баалоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, ага «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери да катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти — Жарандык коргонуунун башчысы Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 29-январындагы «2026-жылга Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө» жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга карата Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуусун даярдоо планынын негизинде уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында облустук, шаардык жана райондук жарандык коргонуу кызматтарынын даярдык деңгээли, аткарылган иштер жана өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү бааланды.
Жыйынтыктоочу этапта Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун Талас облустук аймактык тутумуна караштуу күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгы борбордук аянтта көрсөтүлүп, алардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча аракеттери бааланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин биринчи секторунун жетектөөчү адиси Уметов Туратбай Каратаевич жана «КУЭТ» ААКнын биринчи бөлүмүнүн башчысы Байтобетов Данияр Дүйшенбекович, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери катышты.
Энергетика тармагынын өкүлдөрүнүн мындай иш-чараларга катышуусу өзгөчө кырдаалдар учурунда электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн сактоо, энергетикалык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу жана тиешелүү кызматтар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн маанилүү.
Өткөрүлгөн иш-чаралар жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгын жогорулатууга, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуда күчтөрдүн жана каражаттардын натыйжалуу иш алып баруусуна багытталды.