Колл - борбор: 105;

ЭНЕРГЕТИКТЕР МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ИШЕНИМДҮҮ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН КАМСЫЗДООГО ДАЯРДАНУУДА

9 Сентябрь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралардын Талас облусунда жогорку деңгээлде жана коопсуз өтүшүн камсыз кылуу максатында энергетиктер тарабынан тиешелүү даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
 
«КУЭТ» ААКнын филиалы – Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 11–12-сентябрь күндөрү Талас шаарында, Айтматов жана Талас райондорунда өтө турган иш-чаралардын өткөрүлүүчү жайларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн резервдик электр менен камсыздоо системалары даярдалууда.
 
Учурда, 8–9-сентябрь күндөрү энергетиктер тарабынан иш-чаралар өтө турган негизги объектилерге резервдик генераторлор орнотулуп, алардын техникалык абалы текшерилип, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүгө даярдык көрүлүүдө.
 
Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда өтө турган иш-чаралардын коопсуз жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалышына бурулууда.
 
Иш-чаралар өтүүчү аймактарда ар кандай кубаттуулуктагы резервдик генераторлор орнотулуп, алардын арасында 30 кВттан 1000 кВтка чейинки генератордук жабдуулар каралган. Ошондой эле генераторлорду электр тармагына кошуу, кабелдик линияларды тартуу жана жүктөмдөрдү текшерүү боюнча иштер аткарылууда.
 
Талас электр тармактар ишканасынын энергетиктери иш-чаралардын жүрүшүндө электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу үчүн сутка бою кезмет уюштуруп, бардык техникалык каражаттарды даяр абалда кармоону камсыз кылат.
 
Энергетиктердин негизги милдети — маанилүү мамлекеттик иш-чаралар өтүп жаткан учурда электр энергиясынын туруктуулугун камсыз кылып, жарыктандыруу, үн жабдуулары, сахна жана башка электр керектөөчүлөрүнүн үзгүлтүксүз иштешине шарт түзүү.
 
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын майрамдоо — жалпыбыздын маанилүү ишибиз. Ал эми бул маанилүү иш-чаралардын артында элге байкалбаган, бирок чоң жоопкерчиликти талап кылган энергетиктердин эмгеги турат.
 
 Талас электр тармактар ишканасы — туруктуу электр энергиясы жана иш-чаралардын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн дайыма даяр!