Колл - борбор: 105; 1209;

Энергетиктер штабдык машыгууга активдүү катышууда

16 Апрель 2025 ж.

   Бүгүн, 2025-жылдын 16-апрелинде Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында жайгашкан карылар жана майыптар үчүн атайын баш калка жайында штабдык машыгуу өткөрүлдү.
 
  Иш-чарага Бакай-Ата райондук электр тармагынын жетекчилиги жана кызматкерлери активдүү катышты.
 
  Машыгуу учурунда өзгөчө кырдаалдарда жана кыш мезгилиндеги мүмкүн болгон авариялык өчүрүүлөрдө ыкчам аракет көрүү, жабыркаган объектилерге ыкчам түрдө электр энергиясын кайтаруу, коопсуздук чараларын сактоо маселелери каралды.
 
  Бул машыгуу кызматкерлердин ыкчам аракеттерге даярдыгын текшерүүгө жана кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган.