Колл - борбор: 105; 1209;

Бакай-Ата районунун электр тармагы күз-кыш мезгилине 88% даяр

9 Октябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, ар жыл сайын кайталануучу күз-кыш мезгилине туруктуу даярдык көрүү максатында Бакай-Ата райондук электр тармактары тарабынан 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери 88%га аткарылды.
Бакай-Ата районунда жайгашкан 266 даана трансформаторго техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, 39 трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалып, алардын ичинен 37си толук оңдолуп бүттү.
Жалпы узундугу 615,439 км болгон 10–0,4 кВ аба чубалгыларына техникалык тейлөө пландалган. Бул иштерге кошумча, 18,6 км аралыктагы 10 кВ аба чубалгысында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, 11 жыгач мамыча темир-бетон мамычаларга алмаштырылды.
Райондо керектөөнүн өсүшүн эске алуу менен 3 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылды:
• 1 трансформатор 400 кВАдан 630 кВАга;
• 2 трансформатор 63 кВАдан 250 кВАга чейин күчөтүлдү.
Мындан тышкары, Кызыл-Октябрь айылынан Ынтымак айылына чейинки 3,7 км аралыкта заманбап СИП-3 линиясы тартылып, тургундарды сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзүлдү.
⁠ Бакай-Ата РЭТ тарабынан аткарылып жаткан бул иш-чаралар электр энергиясынын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү жеткирилишине багытталган.