Колл - борбор: 105; 1209;

Электр энергиясын үнөмдөө боюнча Талас шаарында рейддер жүрүүдө


15 Ноябрь 2023 ж.

 Кыш мезгилине карата Талас шаарында жана ошондой эле башка райондордо тойканаларда, мончолордо, коомдук жайларда жана жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө пломба басылган мештери текшерилди. Мындай текшерүүлөр электр энергиясын үнөмдөө үчүн жүргүзүлүүдө. Өзгөчө тойканаларда энергияны үнөмдөө үчүн көмүр жагылып, жылыткычтарды колдонбоону эскертишти. Тойкана ээлери азыркы учурда атайын движокторду колдонууга, солярка, дизель менен жылытыла турган техникаларды колдоно баштаганын билдиришти. Кыргыз Улуттук электр тармактар ишканасынын №712 - буйругунун негизинде уруксаты жок, техникалык шарттары жок үйлөрдө жылытуу системасы өчүрүлүп жатат. Калк кардарлардын ичинде 3-фазалуу электр энергиясына уруксат 2024-жылдын 24-апрелине чейин токтотулду.


photo_5436300382298036348_x photo_5436300382298036349_x photo_5436300382298036346_x photo_5436300382298036347_x