Колл - борбор: 105;

Тазалык – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз

11 Апрель 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери кезектеги ишембиликке катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар ишкананын аймагын иретке келтирип, таштандыларды жыйнап, бак-дарактарды актап, жол жээктерин тазалашты.
Ишембилик «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлүп, жамааттык биримдикти, жоопкерчиликти жана жаратылышка болгон камкордукту чагылдырган маанилүү иш-чара катары белгиленди. Мындай демилгелер кызматкерлерди тартипке чакырып, экологиялык маданиятты жогорулатат.