200дөн ашуун энергетик Талас облусундагы майрамдык иш-чараларды электр энергиясы менен камсыз кылды
12 Сентябрь 2026 ж.
Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чаралар электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздалды. Иш-чаралардын туруктуу өтүшүнө «Кыргыз Улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун филиалы — Талас электр тармактары ишканасынын кызматкерлери активдүү салым кошушту.
Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды коопсуз жана үзгүлтүксүз өткөрүү максатында даярдык иштерине жана иш-чаралардын жүрүшүндө 200дөн ашуун энергетик тартылды.
Энергетиктердин ынтымактуу, жоопкерчиликтүү жана кесипкөйлүк менен аткарган эмгегинин натыйжасында сахналардын жарыктандыруусу, үн жабдуулары жана башка техникалык каражаттар үзгүлтүксүз иштеп, майрамдык иш-чаралар жогорку деңгээлде өттү.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы — жалпы элдик майрам. Ал эми бул майрамды жарык менен камсыз кылуу — энергетиктердин эмгеги!