Колл - борбор: 105; 1209;

Бакай-Ата райондук электр тармактары күз-кыш мезгилине даярдыктары 85% аяктады

3 Октябрь 2024 ж.

  
  Бакай-Ата райондук электр тармактары район калкын электр энергиясы менен үзгултүксүз жана сапаттуу камсыздоо үчүн жыл сайын электр жабдуулардын эскиргендерин алмаштырып, оңдоп- түзөө жумуштарын аткарууда. Учурда Талас ЭТИнин Бакай-Ата райондук электр тармагы күз-кыш мезгилине 85 % оңдоо иштерин аяктады.
 
  Алар быйылкы жылга мерчемделген 43 даана трансформатордун 38 даанысын оңдоп –түзөөдөн өткөрүп, 149 даана эски жыгач мамычаны темир- бетон мамычага алмаштырышты. 8,5 чакырым аба чубалгысында СИП проводун тартышкан.
 
  Ошондой эле, 178 даана трансформаторду, 0,4 кВ аба чубалгысында 196,4 км жана 10 кВ аба чубалгысында 133,94 км аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлдү.
 
  Ал эми, капиталдык оңдоо иштеринен 10 кВ аба чубалгысынын 40,03 км жана 0,4 кВ аба чубалгысынын 57,75 км өткөрүлдү.
 
   Кошумча 4 даана трансформаторду жыл аягына чейин Кызыл-Чарба айылына орнотуу иштери аткарылат.