tpes@nesk.kg Колл - борбор: 105; 1209;

Абоненттин балансы

Өздүк эсеп боюнча отчет

Калькулятор

Керектелген электр энергиясынын өздүк наркын эсептөө

Өчүрүүлөр туралуу маалымат

Аткарылып жаткан иштердин тизмеси

Фоторепортаж 04.08.2023

Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине Директорлор кеңешинин мүчөлөрү көчмө жыйын өткөрүштү. Бүгүн, 2023-жылдын 4-август күнү Талас ЭТИнин жыйындар залында Директорлор кеңешинин төрагасы Турдубаев Атантай Доолотович, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Турсункулов Жыргалбек Куручбекович, Маматбеков Бекбо Джумадылович, Бообеков Бахтияр Таласович,Сарыбек кызы Элизе, Улуттук электр тармактар ишканасынын Электр энергиясын сатуу боюнча директордун орун басары Дүйшө уулу Уларбек жана Талас ЭТИнин кызматкерлери катышкан көчмө жыйын өткөрүлдү. Ошондой эле, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Талас электр тармактар ишканасынын карамагындагы 500 кВ "Түлебердиев" көмөк чордонун жеринде көрүп, керектүү маалыматтарын ала алышты. Жыйындын башында Талас ЭТИнин директору Султанов Акылбек Жумакадырович 2023-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип өттү. Жыйында Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан суроолор берилип, тиешелүү адистер жооп беришти. Ошондой эле, Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан аба чубалгы кызматынын жумушунун оордугуна байланыштуу айлык маянасын жогорулатуу тууралуу сурануулар айтылды. Анткени, айлык маянанын аздыгынан, башка кесипти же башка бөлүмдү тандап кеткендер көп кездешип жатканы белгилүү болду. Жана ошондой эле, жаңы жумушка кирген кызматкерлерди окутууга жөнөтүп туруу жөнүндө маселе да көтөрүлдү. 2023-жылдын 6 айында Талас ЭТИнен 48 кызматкерлер тиешелүү окутуулардан өткөндүгү да айтылды. Айтылган көйгөйлөр боюнча маалымат алышып, маселени чечүү жолдору каралды.